• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Исаков күнүмдүк керектөөлөрдү тейлөө комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 28.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин күнүмдүк керектөөлөрдү тейлөө комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Өкмөт башчысына маалымдагандай, комбинаттын негизги милдети бекитилген буйрутмалардын негизинде КР Башкы Штабынын, КР Куралдуу күчтөрүнүн, КР Улуттук Гвардиясынын, КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер кызматкерлерин убагында керектүү форма менен камсыз кылуу болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө комбинатта күнүнө 150 комплект кийим тигилип, бир мөөнөттө 80 комплект форма даяр болот.

Өнөр жай кубаттуулугун көтөрүү максатында КР Куралдуу күчтөрүнүн жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги тарабынан комбинатта иштеген аскер кызматкерлеринин саны 15 штаттык орунга дагы кошумча көбөйүп, анын натыйжасында даяр продукциялардын көлөмү артууда.

Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөт өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн потенциалын көтөрүүгө чоң маани берерин билдирди. Аталган тармактагы негизги багыт болуп, ата мекендик аске кызматкерлерин убагында сапатуу кийимдер менен камсыз кылуу болуп эсептелет.

Сапар Исаков республикалык бюджетти сарамжалдуу пайдалануу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигин аскердик кийим менен камсыз кылуу, КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын аскердик кийимдерине салыштырмалуу талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий