• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Исаков Ош шаарын өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 18.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ, 17-январда, Ош шаарын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Кеңешме министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда өлкөнүн бардык аймактарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын зарыл маселелерин чечүү боюнча чараларды талкуулоо боюнча мындай кеңешмелер өткөрүлгөн.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгына ылайык, тийиштүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте өлкөнүн айыл, район, шаар жана облустарынын экономикасын өнүктүрүү жана инфраструктурасын жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуусу керек эле.

Сапар Исаковдун айтымында, буга байланыштуу республикалык маанидеги шаар эсептелген Ош шаарына өзгөчө көңүл бурулушу керек. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев аймактык дүң продуктунун түзүмү, тартылган инвестициялар көлөмү, 2017-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана шаардын өнөр жай, курулуш, билим берүү жана саламаттык сактоо трамагындагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Айтмамат Кадырбаев «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасынын жана «Таза Коом – Жаңы доор» 2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасын Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында Ош шаарында ишке ашыруу пландаштырылып жаткан иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Буга катар ал Ош шаарындагы ички жолдорду куруу жана реконструкциялоо, Ош шаардык ЖЭБин жана токтоп турган өндүрүштүк ишканаларды модернизациялоо, санитардык абалды жакшыртуу, социалдык объектилердин бүткөрүлбөгөн имараттарын аяктоо, шаардыктардын ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн дамба курууга жана Ош шаарынын ирригациялык объектилерин реконструкциялоого байланыштуу маселелерге кенен токтолду.

Мындан тышкары Айтмамат Кадырбаев кошумчалагандай, Ош шаарынын туристтик жагымдуулугун арттыруу жана туристтик брендин түзүү боюнча программалар иштелүүдө, бул өз кезегинде шаардык иннфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Премьер-министр Ош шаарынын мэриясынын жетекчилиги аз убакытта түштүк калааны көрктөндүрүү жана инфраструктурасын жакшыртууда көрүнүктүү жыйынтыктарга жетишкендигин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Ош шаары республиканын башка шаарларына үлгү боло алат. Түштүк калаада жумушчу сапарда болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугууда шаардыктардын жашоо ишмердүүлүгүндө позитивдүү өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы байкалып турат. Алардын жыргалчылыгын арттыруу боюнча мындан ары дагы иштер улантылышы керек», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгында тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам тартипте белгиленген маселелер боюнча зарыл чараларды кабыл алуу, анын ичинде донордук жардамды тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу тапшырмаларын берди.
Мындан тышкары, Ош шаарынын келечектүү пландарын ишке ашыруу боюнча деталдуу иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле жакынкы арада Ош шаарында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу башталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине муниципалитет менен биргеликте шаардын ички жолдорун реконструкциялоо, жол боюндагы инфраструктураны жакшыртуу, тактап айтканда, жол белгилерин жана жол чийимдерин орнотуу боюнча иштерди ыкчам жүргүзүү тапшырылды.

Аны менен катар Ош шаарынын мэриясына калаанын көчөлөрүндөгү жарыктандыруу тутумун Кыргыз Респбуликасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин бирдиктүү стандарттарына ылайык жакшыртууга өзгөчө көнүл буруу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий