• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ишкердик субъектке текшерүү жүргүзгөн. УКМК Башкы прокуратуранын маалыматын четке какты

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери КР президентинин мыйзамдарынын жана жарлыктарынын талаптарын одоно бузуп, ишкердик субъекттерин коргоого багытталган, прокуратура органдарында текшерүү жүргүзүү актысына каттабастан текшерүү жүргүзүшкөн деген Башкы прокуратурасы тарабынан жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимге ылайык жана мыйзамсыз миграцияга каршы туруу боюнча «Нелегал-2021» аймактык иш-аракеттер планы УКМКнын жана Жалал-Абад облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ишкердик субъектинин ишине эмес, мыйзамсыз мигранттарды пайдалангандыгы үчүн "М.К." ЖЧКна текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө "М.К." ЖЧК тиешелүү документтери жок коңшу мамлекеттерден келген мыйзамсыз мигранттарды ишкердикке пайдаланганы аныкталды. УКМК жана ИИБ кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жатканда, М.К. ЖЧКнын жетекчилиги тоскоолдук жаратып, атайын чатакты козгоп, мыйзам бузууну жашыруу максатында мигранттардын качып кетишине түрткү болгон. Бул тууралуу облустук прокуратуранын кызматкерлерине маалымат берилген.

Маалымат үчүн: Аталган Өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө КР өкмөтү КР УКМК, КР ИИМ, анын ичинде КР Башкы прокуратурасына кабарлаган.

Эскерте кетсек, мурдараак Башкы прокуратура Жалал-Абадда укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлгандыгын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий