• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көк-бөрү, Салбуурун, кыз-куумай. Ысык-Көлдө “Тескей жээк” этнофестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 04.07.18. /Кабар/. Тоң районунда 15-июлда “Тескей жээк” фестивалы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Этофестивалдын программасында ат оюндары, тыйын эңмей, кыз куумай, Салбуурун, жаа атуу, көк-бөрү курамаларынын мелдеши жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү бар.

Маданий программа жана спорттук иш-чаралар Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги оюнчулардын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын лауреаттарынан турган этно спорттун кесипкөй командаларынын жардамы менен ишке ашат.

Пикир

Оставить комментарий