• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Өкүл Осмоналиев Ысык-Көлдөгү посттордун ишмердүүлүгүн текшерди

Аймак 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев аймактагы фильтрациялык посттордун ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, тартип сакчыларга жана медиктерге көмөктөшүп жаткан ыктыярчыларга ыразычылыгын билдирип, кызмат өтөп жаткандарга өздүк коргонуу каражаттарын тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда облус боюнча 48 фильтрациялык жана 2 санитардык-карантиндик пост уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий