• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кантта же Токмокто кант заводун ачуу пландалууда – Абылгазиев

Коом 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Кыргыз өкмөтү Кантта же Токмокто кант заводун ачууну пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтуусунда, жакында эле бул пландар боюнча Чүй облусунун губернатору менен талкуу болгон.

“Чүй облусунда дагы бир кант заводун ачуу керек. Аткени, дыйкандарга кант кызылчасын Кайыңдыга алып келүү кыйын”, - деп билдирди ал.

Депутат Бактыбек Райымкулов өкмөт башчыга кайрылып, 120 миңге жакын дыйкан кызылча өндүрө тургандыгын билдирди.

“Аларга колдоо көрсөтүш керек. Өлкөгө шекерди Украина жана башка жакынкы мамлекеттердин алып киришүүдө. Алар өздөрүндө импортту сатууга тыюу салып коюшкан. Биз да ошентип, импорттук шекерди сатууга тыюу салышыбыз керек”, - деп билдирди Райымкулов.

Өкмөт башчы эл өкүлүнүн сунушун карап чыга тургандыгын билдирип, кызылча өндүргөн дыйкандардын маселесин чечип берүүгө убада берди.

Пикир

Оставить комментарий