• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кара-Көлдө жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолунун 407-чакырымында (Кара-Көл шаарында) VOLVO менен Freightliner Trucks үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 40 жаштагы У.И. жана А.М. аттуу эркек кишилер жабыркаган.

Жерине беш куткаруучу тартылган. Бирок, куткаруучулар жеткенге чейин жабыркагандар жолдо бараткан жүргүнчүлөрдүн жардамында ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий