• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Катарда Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата салтанаттуу кече өттү

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги элчилигинде өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Катарда жашаган мекендештердин катышуусунда салтанаттуу кече өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаранын ачылышында КРнын Катар мамлекетиндеги элчиси Чыңгыз Эшимбеков бардык катышуучуларды өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

"Албетте, Кыргызстандын тарыхы 30 жылдык убакыт менен гана чектелбейт. “Тамырсыз дарак, тарыхсыз эл болбойт”, - деп элибиз айтып келген. Демек, биздин өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхы - бул көптөгөн муундардын эркиндик үчүн күрөшүнүн тарыхы, ата-бабаларыбыздын рухунун жана баатырдыгынын улуулугу.

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын башкы жетишкендиги - бул эркиндик, ар бир жарандын эркиндиги жана мамлекеттин келечеги үчүн болгон жоопкерчилик. Бул билдирүү менен Катардагы кыргыздар мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууда",-деди элчи.

Катардагы салтанаттуу иш-чаранын алкагында спорттук иш-чаралардын активдүү катышуучуларына элчиликтин ардак грамоталары тапшырылды, ошондой эле концерт жана ар кандай оюн-зоок конкурстары өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий