• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстан Кыргызстанга гумжардам иретинде 4,5 миң тонна ун берди

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Бишкекке Казакстандан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандан келген 4,5 миң тоннага жакын ун түрүндөгү гумжардамдын биринчи партиясын берүү аземи Казакстандын КРыргызстандагы элчилиси Ралиль Жошыбаев жана КРнын айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Азамат Мукашевдин катышуусунда өттү.

“Гумжардамдын биринчи партиясы бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен 75 вагондо темир жол аркылуу жеткирилди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилүү болгондой, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасы менен салттуу достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерин жетекчиликке алып, боордош кыргыз элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечкен.

Эскерте кетсек, бериле турган гумжардамдын жалпы көлөмү 10 миң тонна унду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий