• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда акыркы суткада 354 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 354 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 76, Алматы шаарында – 49, Шымкент шаарында – 7, Акмоло облусунда – 46, Актөбе облусунда - 1, Алматы облусунда - 8, Атырау облусунда - 3, Чыгыш-Казакстан облусунда – 17, Жамбыл облусунда – 2, Батыш-Казакстан облусунда – 2, Караганда облусунда - 65, Костанай облусунда - 7, Кызылорда облусунда – 1, Мангистау облусунда - 2, Павлодар облусунда - 37, Түндүк-Казакстан облусунда – 30, Түркстан облусунда – 1 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 986 миң 553 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий