• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Хафизов: Санариптештирүү – адамдык капиталды өнүктүрүүсүз мүмкүн эмес

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтүүдө.

Форумдун жүрүшүндө бир катар өлкөлөрдүн эксперттери көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулайт. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, анын жүрүшүндө 20га жакын сессия өтүүдө. Тараптар экономика, санариптештирүү, логистика маселелерин козгоп, ошондой эле учурдагы геосаясий кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашат.

“ЕАЭБ Агроөнөр жай комплексин санариптик модернизациялоо” сессиясынын алкагында Россиянын алдыңкы агроөнөр жай ишканаларынын тажрыйбасы көрсөтүлдү.

Аналитикалык группанын жетекчиси Рустам Хафизовдун айтымында, санариптештирүү – адамдык капиталды өнүктүрүүсүз мүмкүн эмес, анткени заманбап ыкма жана технологияны талап кылат.

“Санариптештирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кадр маселеси, алардын сапаты жана билими негизги маселе катары көтөрүлөт. Өндүрүштө керектелген ветеринария, агрономия жана башка тармактар бүгүнкү күндө талап кылынган компетенциялардын жыйындысы жана биз алардын жетишсиздигин сезип жатабыз”, - деди Хафизов.

Пикир

Оставить комментарий