• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Хорватиялык оюнчу Марио Манджукич "Бавария" клубуна өтүшү мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 10.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Туриндик "Ювентус" клубунун чабуулчусу Марио Манджукич "Баварияга" өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Sport Bildдин маалыматына ылайык, 33 жаштагы оюнчуну "Бавариянын" жетекчилери Роберт Левандовскийдин ордуна же кошумча чабуулду күчөтүүгө карап жатышат.

Буга чейин маалым болгондой, "Ювентус" клубунун мурунку машыктыруучу Массимилиано Аллегриге караганда жаңы машыктыруучу Маурицио Сарри Манджукичти талаанын кайсы бөлүгүнө колдоноорун билбей, аны менен коштошууга даяр.

Марио Манджукич 2015-жылы "Атлетикодон" Ювентуска" 21 миллион еврого өткөн. Быйылкы сезондо хорватиялык оюнчу 25 оюнда 9 гол жаратканга жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий