• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Өкмөттө бузуулардын Бирдиктүү реестрин киргизүү маселелери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кечээ, 29-майда, бузуулардын Бирдиктүү реестрин (ББР) киргизүүнүн алкагында мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоо маселелерин талкуулоо боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде белгиленгендей, 2019-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодекси күчүнө кирет.

Буга байланыштуу Өкмөт тарабынан соттук-укуктук реформадан келип чыккан ченемдерди тажрыбайлык имплементациялоого багытталган иш-чараларды ишке ашыруу боюнча такталган План бекитилген.

Көрсөтүлгөн Кодекстин 311-беренесине ылайык, бузуулар жөнүндө түзүлгөн ар бир протоколду ыйгарым укуктуу орган маалыматтар базасына киргизет, буга байланыштуу жогоруда белгиленген Планда бузуулардын Бирдиктүү реестрин (ББР) түзүү каралган.

Кеңешменин жүрүшүндө Планды аткаруунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угулуп, ББР түзүүгө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Анын ичинде ченемдик укуктук базаны бекитүүгө, ББРди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон программалык камсыздоого, маморгандар тарабынан керектүү жабдыктар менен жабдууга, корголгон байланыш түйүндөрүн уюштурууга, ошондой эле ББР менен иштөө үчүн адистерди даярдоо жана окутууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Жеңиш Разаков бузууларды каттоонун киргизилип жаткан электрондук тутуму каралган иштердин ачыктыгын жогорулатууну жана мамлекеттик башкаруу тутумунда коррупциянын деңгээлин кыйла төмөндөтүүнү шарттай турганын баса белгиледи.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кеңешмени жыйынтыктоо менен мамлекеттик органдарга техникалык түзүмгө бирдиктүү талаптарды иштеп чыгууну аяктоону тапшырып, кыска мөөнөттүн ичинде ББР киргизүү боюнча техникалык тапшырмаларды жана техникалык-экономикалык негиздемелерди бекитүүнүн зарылдыгын көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий