• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкоров менен Жаманкулов жалпы жамаатка тааныштырылды

Өкмөт 0

Бишкек,25.10.18./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Улукбек Кочкоровду жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына Азамат Жаманкуловду тааныштырды.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жаңы дайындалган министрлердин кесиптик тажырыйбасына белгилеп, алардын жетекчилиги астында аталган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө жакшы жагына өзгөрүүлөр болоруна ишенимин билдирди.

Ошондой эле вице-премьер-министр бүгүнкү күндө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин астында турган биринчи милдеттерге токтолуп, Улукбек Кочкоров менен Азамат Жаманкуловдун ишине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий