• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Коопсуз шаар": Биринчи күнү болжол менен 878 миң сомго 761 эреже бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 13.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда "Коопсуз шаар" иштеген алгачкы күндө 761 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршенбиев билдирди.

Анын айтымында, алдын ала 878 миң сомго жол эрежесин бузуу аныкталган.

Жол эрежесин бузуулардын арасында жол белгилеринин талаптарын (түз багыттагы кыймыл) бузуу көп болгон - 539. Ага карата айып пулдун өлчөмү 1 миң сомду түзөт.

Ылдамдыкты ашырып айдоо боюнча - ылдамдыкты саатына 20 чакырымга ашыргандар 114 (1 миң сом), 40 чакырымга ашыргандар 18 болгон (7,5 миң сом).

Ошондой эле жол чийиндери боюнча 61 жол эрежесин бузуу болгон. Жол белгилеринин талаптарын бузуу (солго бурулууга болбойт) - 26, унаадан озуп өтүү эрежесин бузуу же карама-каршы тилкеге чыгуу (тыюу салынган ыкма) - 2, жол кесилиштеринен өтүү эрежесин бузуу (стоп-сызыгы) -1. Бул боюнча айып пул 1 миң сом турат.

"Регламентке ылайык, оператор жол эреже бузууларын 10 күн ичинде иштеп чыгууга тийиш. Эгер оператор эреже бузууну ырастаса аларга айып пул берилет. Эки жума ичинде айып пулдар даректерине жеткирилиши зарыл. Ошол квитанция жеткирилгенден тарта айып пулду төлөө мөөнөтү эсептеле баштайт. Айтмакчы, айып пулду эртелетип төккөндөр үчүн анын өлчөмүн азайтуу боюнча мыйзам долбоору парламенттен үчүнчү окуусунда каралып жатат", -деди Шаршенбиев.

Пикир

Оставить комментарий