• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу комитети түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкеке. 02.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттикишмери Корчубек Акназаровдуакыркы сапарга узатуузыйнатын уюштуруу боюнча комитети түзүлдү. Тийиштүүчечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Уюштуруу комитетинин төрагасы катары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов бекитилди.

Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Эмил Бусурманкулов дайындалды.

Уюштуруу комитетинин курамына Кыргыз Республикасынын тийиштүүмамлекеттик органдарынын жетекчилери кирген.

Уюштуруу комитетине Кыргыз Республикасынын көрүнүктүүмамлекеттик ишмери КорчубекАкназаров менен жарандардынкоштошуу ырасымын жана маркумдун сөөгүн жерге берүүзыйнатын уюштуруугабайланыштуу бардыкмаселелерди чечүүтапшырылган.

Маркум менен коштошуу ырасымы 2019-жылдын 3-февралында, саат 11.00дөТ.Абдумомунов атындагыКыргыз улуттук академиялыктеатрында өтөт.

Ошол эле күнү КорчубекАкназаровдун сөөгү Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий