• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирус менен ооругандарда антителолор болжол менен беш айга чейин сакталат

Дүйнө 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Нью-Йорктогу "Маунт Синай" медициналык борборунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус менен ооруп чыккан адамдарда антителолор болжол менен беш айга чейин сакталат. Изилдөөнүн жыйынтыктарын Science журналы жарыялаган.

Антителолор кайрадан ооруп калуудан сактап же вирусту алсыздата алат. Изилдөөгө коронавирусу тастыкталган 30 миңге чукул адам катышкан.

Буга чейин Лондондун Империя колледжинин илимпоздору жүргүзгөн изилдөөсүнө ылайык, коронавирус менен ооругандар кийин организмдеги антителолор бир нече айдын ичинде кайталап илдетти жугузуп алгандан сактабай турган деңгээлге чейин азайышы ыктымал. COVID-19 менен симптомсуз ооругандарда антителолордун деңгээли өзгөчө тез түшөрүн изилдөөчүлөр катташкан. Алар ошондой эле 75 жаштан улуу бейтаптарда антителолор бат жоголгонун аныкташты.

Пикир

Оставить комментарий