• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор, анын ичинен экөө реанимацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 10 бейтаптын абалы оор, анын ичинен эки киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ооруканаларда 548 адам дарыланууда. Алардын ичинен 10 бейтаптын абалы оор − эки киши реанимацияда жатат. 84 адамдын абалы орточо оор, 454 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 9-июнга карата коронавирус жуктурган 23 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2055ти түзөт. Алардын ичинен 1483 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 24 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий