• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кожобек Рыспаев депутаттарды кой деп атагандарга чара көрүүгө чакырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.09.19. /Кабар/. Депутаттарды кой деп атагандарга чара көрүү керек, - деп билдирди Жогорку Кеңештин чоң жыйынында депутат Кожобек Рыспаев.

“Профсоюз деген жырткычтар чыкты. Биз мыйзам жазып жатсак, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө кирип, кыдырып жүрүшөт. Анан дагы ачык эле кайрылууларды таратып жатышат. Аларда: “Кутман таң! Жакында бул койлорду кайра тандайбыз. Ачык эле телефон менен жазып жатышат. Профсоюздар тууралуу мыйзамдарды киргизип жаткандарды алсыратуу керек. Булар кийинки парламенттик шайлоого кирбеши үчүн баардык күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Биз утабыз! “,- деп жазып жатышат. Биз эмне ушунчалык кордукка чыдайбызбы. Ачык эле жазып жатышат. Алар мүлктүн баарын сатып жатышат. Эми жакында “Достук” меймаканасын сатабыз деп камынышууда. Буга чейин канча мүлктү сатышты. Ошол директорлор кеңешине кирген 28 адам мамлекет ичинде мамлекет түзбөсүн. Антпесе фондго 300 млн. сом бөлбөйбүз, өздөрүнүн чөнтөгүнөн чыгарып, өз алдынча иштешсин”, - деди Кожобек Рыспаев.

Депутат өкмөткө профсоюздар тууралуу мыйзам өтмөйүнчө бир да мүлк сатылбасын деген тапшырма берүүнү сунуштады.

“Бири-бирибизди карап, колдоо көрсөтүп, ушундайларга бөгөт коюушубуз керек”, - деди Рыспаев.

Депутат жарыянын алдындагы номурларды териштирүү үчүн берээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий