• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

КР бийчилери Омар жана Эмир “Биле, Казакстан!” бий сынагында жарым финалга өттү

Маданият 0


Бишкек, 19.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Hustle Twinz” эгиздер Омар менен Эмир Асанбековдордон турган бий дуэти “Биле, Казакстан!” бий сынагында жарым финалга өтүштү. Бул тууралуу бийчилер Instagram баракчасына жазып чыгышкан.

Эгиздер Омар менен Эмир сынакта бийлеп чыгышып, калыстар тобунун макулдугу боюнча жарым фналга өтүшкөн.

Сынак Алматыда өтүп жатат. Анда Украина, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын бийчилери катышууда. Долбоор “Хабар” телеканалы аркылуу көрсөтүлүп жатат.

Эске сала кетсек, мурда эгиздер россиянын белгилүү “Танцы” теле долбооруна катышып, калыстар тобун таң калтыра алышкан.

Пикир

Оставить комментарий