• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР Джакартадагы форумда «Asia Pacific Leaders Forum» «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнүн жаңы мүчөсү катары расмий тааныштырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасы бүгүн, 14-декабрда, Джакарта шаарында (Индонезия) Азия Тынч океан аймагынын лидерлеринин форумунда «Asia Pacific Leaders Forum» «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнүн жаңы мүчөсү катары расмий тааныштырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Азия Тынч океан аймагынын лидерлеринин форумунда өлкөнү Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жана Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиева тааныштырды.

Өз сөзүндө вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасы Борбор Азиядагы «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө кошулган биринчи мамлекет болуп калгандыгын белгиледи. «Аймакта Демилгеге кошулгандардын алгачкысы болуу – сыймык, ошол эле кезде бул чоң жоопкерчилик. Жаңы Өкмөт өзүнө ачык-айкын иштөө милдеттенмесин алды. Кыргыз Республикасы «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнүн алкагында үч багыт: жеткиликтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү, мамлекеттик ачык сатып алуулар жана ачык маалыматтар боюнча иш алып барат».

« Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгүнө кошулуу – бул 2018-2040-жылдарга туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия алкагында биз ишке ашырчу милдеттенмелердин бири, 2040-жылга чейинки Стратегиянын борбордук компоненти болуп «Таза Коом» программасы саналат, анын максаттары жана милдеттери OGP негизги максаттары менен дал келет», – деп белгиледи Чолпон Султанбекова жана Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация, мамлекеттик тейлөөнүн бирдиктүү порталы жана жарандар тендерге ачык катышууга жана жеңүүчүлөр тууралуу маалымат алууга мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик сатып алуулар порталын ишке киргизүүдөгү жетишкендиктерине токтолду. «Биз ошондой эле жакында бенефициардык укукту ачуу жаатында жасалган жетишкендик үчүн Тоо-кен тармагынын ачыктыгы демилгесинин эл аралык сыйлыгын алдык», – деди ал.

««Ачык маалыматтар» – OGP боюнча иш-чаралар планынын бөлүгү катары эсептелген дагы бир чоң долбоор. Демилгеге кошулган соң бир ай ичинде биз жумушчу топ түздүк, анда 12 пилоттук министрлик жана ведомство аныкталып, анда маалыматтар санариптештирилип, ал коомчулукка ачык болот.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө OGP алкагында иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча өз алдынча жумушчу топ түзүлгөн, анын курамына жарандык коом өкүлдөрү кирген. Жарандык коом менен биргеликте иш-аракеттер планын коомдук талкуулоо башталды. Биз планды иштеп чыгууну көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурун 2018-жылдын 31-августуна дейре бүткөрүүгө ниеттенүүдөбүз. Биз натыйжалуу ишке багыт алып жана OGP алкагындагы аракеттерибизди тастыктайбыз» – деп жыйынтыктады Чолпон Султанбекова.

Пикир

Оставить комментарий