• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР СИУИ: Жаштардын 74%ы өз тандоосун аныкташты

Коом 0

Бишкек, 13.10.17. /Кабар/. Президенттик шайлоонун алдында КР Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту тарабынан Кыргызстандын жаштары тарабынан “Шайлоо-2017” темасында социологиялык сурамжылоо жүргүзүлгөн. Аталган институттун басма сөз кызматы билдиргендей, сурамжылоо ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырылган “М-репорт” долбоорунун алкагында жүрдү.

Анын максаты жаштардын шайлоого көз карашы жана шайлоодон эмне күтүп жаткандыктарын, шайлоо процессине мамилесин, тигил же бул талапкердин программасына берген баасын, жаштардын чечим кабыл алуудагы башкы маалымат булактарын, Кыргызстандын келечектеги президентинен жаштардын үмүтү кандай экенин аныктоо болду.

Сурамжылоо СМС-билдирүү аркылуу 14 жаштан жогору 753 адамдын арасында КР аймагында жүрдү. Респонденттердин негизги бөлүгүн: 64,8% - 14-19 жаштагылар, 15,4% - 20-24 жаштагылар, 8,9% - 25-28 жаштагы жана 10,9% - 28 жаштан жогорку курактагылар түздү. Аймактык бөлүнүшү боюнча 63,5% респонденттер аймактардын жана Ош шаарынын, 36,5%ы Бишкектин тургундары.

Жаштар кайсы талапкерге добуш берерин аныктоо максатында тиешелүү суроо берилген. Шайлоо жашына жете элек респонденттерди кошпогондо (28%) 74% респонденттер кимге добуш берерин чечишкен, 9%ы бардыгына каршы добуш беришет. 16%ы али чече элек, 10%ы шайлоого барбайт.

Ал эми талапкерлердин шайлоо алдындагы программалары менен 53% респондент тааныш болгону саясий активдүүлүктү күбөлөндүрөт. 43%ы бир дагы шайлоо алдындагы программа менен тааныш эмес, алардын 14% бул темага кызыкпаса, 13% - программалар менен таанышпагандыгын мындай маалыматтын жеткиликтүү эместиги менен байланыштырат, дагы 14% жооп бергендер бул программалардын мааниси жоктугун, алар менен таанышуунун кажети жоктугун айтышкан.

Ал эми маалымат булактарынын түрлөрү боюнча берилген суроого 46% талапкер тууралуу шайлоого чейин билгендигин билдирген. 16% - “Туугандар, дос-тааныштар менен сүйлөшүүдө”, 13% - талапкерлер менен жолугушууда маалымат алышса, 12% - интернетте маалымат жетиштүү деп эсептейт. 7% - талапкерлердин үгүттөө видеоматериалдарын жана 4% үгүт кагаздарын талапкер тууралуу маалымат алуу булагы катары белгилеген.

Сурамжылоо боюнча келечектеги президенттин ишмердигин артыкчылыктуу багыттары: экономиканы өнүктүрүү – 28%, коррупция менен күрөшүү - 22%, жаштардын демилгелерин колдоо – 12%, жаңы технологияларды өнүктүрүү – 7%, тышкы саясатты жакшыртуу – 3%, мигранттарды колдоо – 1%. Калган 23% өз сунуштарын билдиришти.

Бул сурамжылоодо жаштар Президенттик шайлоого даяр экендиги, алар өз добуштары Кыргызстандын тагдыры үчүн маанилүү экенине ишене тургандыгы белгилүү болду. Ошондой эле алардын басымдуу бөлүгү кайсы талапкерге добуш бере тургандыктарын аныкташкан.

Маалымат үчүн: “М-репорт” – Кыргызстандын жаштарынын пикирлерин СМС-билдирүүлөр аркылуу топтоого багытталган долбоор. Сурамжылоого катышуу үчүн “Алга” сөзүн 4747 кыска номерине жөнөтүү керек. Бардык СМСтер жашырууну жана акысыз. Долбоор Кыргызстанда КР СИУИ тарабынан ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий