• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Түркияда өтүп жаткан симпозиумга катышууда

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков ушул күндөрү Түркиянын Мамлекеттик Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 154 жылдыгына жана административдик юрисдикция күнүнө арналган «Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдөгү административдик сот өндүрүшү” аталышындагы симпозиумга катышууда. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясынын курамында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айбек Давлетов жана Бишкек шаарынын административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова бар.

Иш-чаранын ачылышында Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган, Түркиянын Администрациялык сотунун төрагасы Зеки Йигит, Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа сөз сүйлөштү.

Симпозиумга ошондой эле Түркиянын башкы прокурору Бекира Шахина жана башка түрк тилдүү мамлекеттердин уюмга мүчө-өлкөлөрүнүн делегацияларынын расмий өкүлдөрү да катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков аталган симпозиум Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн укуктук системалары менен таанышуу жана административдик юрисдикцияга тиешелүү маселелер боюнча тажрыйба алмашуу үчүн эң сонун аянтча экендигин белгиледи.

“Мындай иш чаралардын алкагында топтолгон тажрыйба кызыктуу, келечектүү жана актуалдуу чечимдерди сунуштайт, бул мындан ары мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун кепилдиктерин бекемдөөгө шарт түзөт. Симпозиумдун иши биздин соттордун ортосундагы конструктивдүү жана ишенимдүү диалогдун уландысы болооруна терең ишенем”, - деп билдирди Замирбек Базарбеков.

Белгилей кетүүчү жагдай, симпозиумдун алкагында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айбек Давлетов “Кыргыз Республикасындагы административдик юрисдикциянын орду” деген темада, ал эми Бишкек шаарынын административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова “Кыргыз Республикасынын укук системасы менен таанышуу” темасында докладдар менен чыгышат.

Бул жумушчу сапардын алкагында КР Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган, Түркия парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын Кассациялык сотунун төрагасы Мехмет Акаржа, Түркиянын башкы прокурору Бекир Шахин жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушууларды өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий