• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРда 1-январдан тарта жаза өтөп жаткан аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөнө баштайт

Коом 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна кол койду.

Токтомго ылайык, КРнын Жазык-аткаруу кодексинин 98-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоону жана төлөөнү камсыз кылсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

Токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлөт.

Токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий