• 88.68
  • 95
  • 0.95

КРнын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү

Президент 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин башчылгы алдында Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жумушчу топтун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 11-сентябрындагы № 184-Жарлыгы менен жумушчу топтун курамына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр тууралуу жыйындын катышуучуларына маалымат берди.

Ошондой эле ал Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүү боюнча Улуттук кеңештин өткөн жыйынында 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы жана Стратегиянын максаттарына жетүү боюнча Иш чаралардын планы жактырылганын катышуучулардын эсине салды.

Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жогоруда айтылган жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге ылайык, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү сунуш кылынганына көңүл бурду.

Жыйында шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясынын алкагында иштелип чыккан мыйзам долбоорлорун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын төмөндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоорлору дыкат талкууланды:

— «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоолор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы;

— «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы;

— «Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— «Борбор шаардын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

— «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр башкалардын арасында Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин шайлоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүнү уюштуруу; КР жергиликтүү кеңештеринин депуттарын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин шайлоо, шайлоочуларды сатып алууларга жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын башка бузууларга каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын ишмердигин уюштуруу; «үгүт» жана «маалымдоо» түшүнүктөрдү тактоо (чектөө) маселелерине, ошондой эле жергиликтүү шайлоолордун аспектилерине тийиштүү маселелерди камтыйт.

Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баяндама жасады.

Жумушчу топтун мүчөлөрү айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун жактырып, коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына (www.kenesh.kg) жайгаштыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий