• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

КРнын тышкы соода жүгүртүүсү жарым жылда 3,2 млрд. долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында 3 млрд. 249,9 млн АКШ долларын түзгөн.

Улуттук статистика комитеттин маалыматы боюнча, аталган көрсөткүч 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,1 % өскөндүгүнөн кабар берет.

Алсак, экспорттун көлөмү 2,7% түзүп, 811,8 млн. долларга жеткен, ал эми импорт 22,8% өсүп, 2 млрд. 438,1 млн. долларды түзгөн.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылдын алты айында 1 млрд. 116,4 млн. долларды түзүп, 4,9 пайызга өскөн.

Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгон товарлардын суммасы 311 млн. долларды түзүп, ал жактан КРге болгон импорт - 805,4 млн. доллар болгон.

Пикир

Оставить комментарий