• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз делегациясы Ташкентте өтүп жаткан эл аралык конференцияга катышууда

Экономика 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-июлда Ташкент шаарында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - КР экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев, КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов «Борбордук жана Түштүк Азия: Регионалдык өз ара байланыш. Чакырыктар жана Мүмкүнчүлүктөр» аттуу эл аралык жогорку деңгээлдеги конференциясынын ишинде катышууда. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Афганистандын президенти Ашраф Гани, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Борбор Азиянын, Россиянын, Кытайдын, Азербайжандын, Беларустун, Сауд Аравия Королдугунун жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин, ошондой эле БУУ, КМШ, ЭКО, ТМКК, ШКУ, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча конференция, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши, ЕБ, БУУнун билим берүү, илимий жана маданий уюму сыяктуу эл аралык уюмдардын башчылары катышууда.

Жогорку деңгээлдеги эл аралык конференциянын максаты - транспорттук жана логистикалык, энергетика, соода, өндүрүш, инвестиция, технологиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө «Борбордук Азия - Түштүк Азия» өз ара пайдалуу стратегиялык байланыш моделин көп тараптуу талкуулоо үчүн саясий жана эксперттик аянтчаны түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий