• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. 2023-жылдын 29-декабрында 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Сүйөркүл Тургунбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлиги билдирет.

Кыргыздын атактуу асыл өнөр адамдарынын бири, Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү Сүйөркул Тургунбаев Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абад облусу) Базар-Коргон районундагы Беш-Кадам айылында 1940-жылдын 12-июнунда жарык дүйнөгө келген.

1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Алгачкы эмгек жолун аталган университетти аякагандан соң, 1964-жылы Ош облусуна караштуу Алай районундагы мектепте орус тили, адабияты жана чет тили сабагынан мугалим болуп иштөө менен баштаган.

1966-жылдан тартып Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1970–1984-жылдары “Кыргызстан маданияты” гезитинде бөлүм башчы, 1986-1988-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында сын боюнча адабий кеңешчи кызматтарында иш алып барган.

Сүйөркул Тургунбаевдин кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн мамлекет тарабынан бааланып, 1979-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүнө кабыл алынган. 1978-жылы Сүйөркул Тургунбаев “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” наамына, 1990-жылы Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына татыктуу болгон. 1995-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек синирген ишмер” наамы ыйгарылган. Андан соң, Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.

Пикир

Оставить комментарий