• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

“Кыргыз лотонун” биринчи тиражынан түшкөн акча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана балдар үйлөрүнө берилет

Коом 0

Бишкек, 24.08.18./Кабар/. Ойнотулган мамлекеттик лотереядан түшкөн акча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана балдар үйлөрүнө түшөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалыматы жыйынында “Мамлекеттик лотерея компаниясы” МИнин директору Талант Калыков билдирди.

Анын айтымында, 100 сомдон турган 100 миң билеттен түшкөн акча 10 миллион сомду түзөт. Анын 5 миллиону байге фонду.

Акчалардын бир бөлүгү социалдык программаларды (карылар жана балдар үйлөрүнө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө) ишке ашырууга коротулат.

“Сумма өткөрүлгөн нускалардын жыйынтыктарына көз каранды болот”, - деди Калыков.

Белгилей кетсек, “Кыргыз лотонун” билеттери сатыкка чыкты. Оюн 31-августта ЭЛТР телеканалында саат 20:00дө болот.

Пикир

Оставить комментарий