• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелерди талкуулоо боюнча КР жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Фергана шаарында (ӨР) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелерди талкуулоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусуна катышты. Өзбек тараптын делегациясын Премьер-министрдин орун басары Элёр Ганиев жетектеген.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарынын ишине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштерди улантуу зарылдыгы тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы калган участокторду сыпаттоону аяктоо максатында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин күчөтүү зарылдыгы жөнүндө түшүнүшүүгө келишти.

Пикир

Оставить комментарий