• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

"Кыргызленд" ассоциациясы ири жана кичи мүйүздүү малды Өзбекстанга экспорттоого тыюу салбоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. КР Экономика министрлиги тарабынан бодо малды жана кой-эчкилерди Өзбекстанга экспортоого тыюу салуу демилгеленип жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын "Кыргызленд" экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова билдирди.

Ал билдиргендей, мындай демилге быйыл жыл башында да болгон.

"2019-жылдын аягында 2020-жылдын башында ири мүйүздүү жана кичи мүйүздүү малды сыртка алып чыгууга тыюу салуу демилгеленген. Анда биз президентке кайрылып, ал нерсени токтотуп калдык эле. Бирок ал демилге жең ичинен кайра жанданып жатыптыр. Экспорт деген экономиканын бир канаты болгон багыт. Биз өкмөткө тиешелүү комиссия түзүп, ал демилгени аргументтештирүүнү сунуштайбыз", - деп, ал малды экспортоого тыюу салуунун ордуна, аткезчилер менен күрөшүүгө чакырды.

Анын айтымында, алардын ассоциация бир топ жылдардан бери Россия, Казакстан, Кытай, Түркия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттер менен айыл чарба азыктарын экспорттоо боюнча келишимдерди түзүп, иш алып барып келет.

"Келишимдерди түзүүгө кеминде 1 жыл, ар жагы 3 жыл убакыт кетет. Сиздер билгендей Өзбекстан жакында гана ачылды. Бул республика Кыргызстан үчүн көп жылдар бою жабык болуп келген. Биздин ассоциация 2019-жылдын күз айларында Өзбекстан менен картошканы жана бодо жана кой-эчкилерди экспорттоо боюнча 4 млн долларлык келишимге кол койгонбуз. Экспорт деген тигил же бул мамлекеттин бирден-бир экономикалык көрсөткүчү. Экономиканын өсүшүн шарттаган нерсе экспорт болуп саналат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий