• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Кыргызмамжердолбоорлоо” ишканасынын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери кармалды

Коом 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. “Кыргызмамжердолбоорлоо” ишканасынын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.

Аталган айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак району боюнча филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак жай курууга 8 гектардан ашык жер тилкелерин Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен мыйзамсыз сатып, андан соң жер тилкелерине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды чыгарып беришкен.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жер тилкелердин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар жасалма корутундунун негизинде, Жалал-Абад облусундагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын учурдагы директору А.у.Ы. жана адиси Т.Ж.Т. тарабынан берилгени аныкталды. Алар корутундуда жер тилкелеринин категориясын, тактап айтканда, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди курула турган жерлерге атайылап өзгөртүшкөн.

Бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, курула турган жерлерге өзгөртүлгөндөн кийин, жеке жактарга жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүү мыйзамдаштырылып, натыйжада мамлекеттик бюджетке 52 млн 440 миң сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий