• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан алгачкы ирет ВАНА операциясы ийгиликтүү ишке ашты

Ден соолук 0

Бишкек, 22 -февраль /Кабар/. Индиянын Аполло клиникасынан келген доктор Суреш Нарука Кыргызстанда биринчи жолу сөөк үн өткөрүү аппараты үчүн имплант орнотуу боюнча BAHA (bone anchored hearing aid) операциясын ийгиликтүү ишке ашырды. Бул тууралуу И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медакадемиясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, операция Кыргыз мамлекеттик медакадемиясынын Медициналык борборунда жасалды. Ал мындан тышкары бир катар кулакка үн өткөрүү операцияларын жасады.

Доктор Суреш Нарука отоларингология жаатында хирург-новатор болуп эсептелет. Ал 2-мертебе Кыргызстанга келди. Анын кулак, мурун, тамак, баш, моюн ооруларын дарылоо ыкмалары медициналык ЖОЖдордо тыкыр изилденип, практикада ийгиликтүү колдонулууда.

Индиялык адис Кыргызстанга тажрыйба алмашуу жана биздин жаш хирургдар менен билимин бөлүшүү максатында келген.

Пикир

Оставить комментарий