• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан боюнча эң көп күнөскана Жалал-Абад облусуна туура келет

Коом 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын I кварталына карата республика боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын жалпы саны 1 305ке жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын ээлеген аянты 175,6 га жерди түзөт. Облустар боюнча күнөсканалардын саны төмөндөгүдөй:

- Чүй облусунда 98 даана (69,2 гектар);
- Ысык-Көл облусунда 50 даана (2,4 гектар);
- Нарын облусу боюнча 34 даана (13,9 гектар);
- Талас облусунда 10 даана (1 гектар);
- Ош облусу боюнча 348 даана (49 гектар);
- Баткен облусу боюнча 161 даана (4,9 гектар);
- Жалал-Абад облусу боюнча 604 даана (34, 4гектар).

Пикир

Оставить комментарий