• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан демократия боюнча Борбор Азияда алдыда турат – Европарламенттин депутаты

Саясат 0

Брюссель, 21.11.18. /Кабар/. Кыргызстан демократиянын өнүгүшү боюнча Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн алдыга озуп кетти. Бул тууралуу Европарламенттин депутаты Ивета Григуле Борбор Азия журналисттери менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.

Ал билдиргендей, Евробиримдик Кыргызстанды аймактын демократия аралчасы деп эсептейт.

“Биз үчүн Кыргызстандагы демократияны Евробиримдик же батыштагы демократия менен салыштыруу кыйын. Себеби, биздин салттарыбыз, динибиз жана өнүгүү жолубуз башка”, - деди ал.

Бирок И. Григуле белгилегендей, Кыргызстан демократия боюнча аймагындагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу алдыга чыкты.

“Эртели-кеч башка өлкөлөрдө да демократия кичине кадам менен өнүгө берерине ишенем”, - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий