• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан электрондук документ жүгүртүүгө өтүү менен бир жылда 382 млн сом үнөмдөгөн

Экономика 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда "Infodocs" электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасына 2 миң уюм кошулган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, аталган системаны колдонуучулардын саны 120 миңден ашкан.

"2023-жылы системада 12 миңден ашык документ катталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бир жылда мамлекет 382 млн сом үнөмдөгөн", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий