• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бүгүн Кыргызстан – Иран футболдук беттеши өтөт. Эки миңдей милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-июнда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) турниринин алкагында Кыргызстан менен Ирандын курама командалары беттешет.

Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, оюн учурунда Бишкек гарнизонунун 2 миңге жакын кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт.

Бишкек ШИИББ жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана стадиондун аймагына тыюу салынган буюмдарды алып келбөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий