• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Ирандын тышкы иштер министрлери жолукту

Саясат 0

Бишкек, 19.06.21. /Кабар/. Ушул күндөрү 2021-жылдын 18-июнунда өтүп жаткан Анталия дипломатиялык форумунун аянтчасында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель айында Иран Ислам Республикасынын министри Ж.Зарифтин Бишкек шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана жыйынтыктарды талкуулоо менен тараптар кыргыз-иран кызматташтыгынын деңгээлине канааттангандыгын жана мындан аркы өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Эки мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2020-жылы пандемияга байланыштуу токтотулган Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы авиакаттамды үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда калыбына келтирүүгө оң баа беришти.

Министр Р.Казакбаев министр Ж.Зарифти бул күнү Иранда президенттик шайлоо өткөрүлүшү менен куттуктап, Иран элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий