• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы эки тараптуу кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек. 14.05.19 /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана Өзбекстандын президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудовдун төрагалыгында эки тараптуу кеңешме болуп өттү.

Жолугушууга ошондой эле эки өлкөнүн коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жооптуу министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрү катышты.

Тараптар чек ара, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуунун натыйжалуулугун арттырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар мындан ары да Мамлекет башчыларынын жетекчилигинде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана өз ара аракеттенүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана Өзбекстан Республикасынын Президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин аппаратынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий