• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына 30 жолдомо алууну пландап жатат

Спорт 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде Спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Оюндар кийинки жылы жайда өтөт, ага катышуу үчүн жолдомо быйыл ойнотулат.

Шабданбаевдин айтуусуна караганда, кыргызстандык спортчулардын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулат.

"Учурда бизде фехтование, жаа атуу жакшы өнүгүп келе жатат. Спорттун алты түрүнө дагы бешөө кошулду. Биз спорттун 11 түрү боюнча 29-30 жолдомо алууну пландап жатабыз. Анын үчөө параспорт боюнча", - деди Шабданбаев.

Департамент башчысынын айтуусуна караганда, буга чейин Кыргызстан Олимпиада оюндарына эң көп 21 жолдомо алган.

Пикир

Оставить комментарий