• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан – Сингапур оюну башталды. Садыр Жапаров күйөрмандык кылууда

Спорт 0


Бишкек, 08.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Сингапурдун командасы менен оюн талаасына чыкты.

Беттеш саат 21:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда старт алды.

Оюнга президент Садыр Жапаров өзү келип, "Ак шумкарларга" колдоо көрсөтүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылы өтөт турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен жайгашкан. Бул тайпадагы бардык оюндар Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтөт.

Белгилей кетсек, “Ак шумкар” 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

Пикир

Оставить комментарий