• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жаштары: "Келечекти терроризмсиз курабыз"

Аймак 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Фергана шаарында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жаштарынын бириктирген "Келечекти терроризмсиз курабыз" аттуу фестиваль өттү. Иш-чарага Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун жаштары катышты.

Фестивалдын ачылышында Фергана облусунун акими Шухрат Ганиев сөз сүйлөп, фестивалдын ишине ийгилик каалады.

Сөзгө чыккан үч өлкөнүн жаштары, учурдун орчундуу көйгөйү, экстримизм, терроризм менен күрөшүүдө, кошуна мамлекеттердин жаштарынын биримдиги зор күчкө ээ экендигин белгилешип, дүйнө коомчулугунун үшүн алган бул коркунучту жоюуда мындай иш чаралар сөзсүз өз натыйжасын берет деген ишеничтерин билдиришти.

Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова сөз сүйлөп, Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздугу, тынчтыгы, элинин бейпил турмушу, жаштардын жаркын келечегине багытталган фестиваль, кошуна мамлекеттердин жаштарынын ынтымагы жана достугун бекемдөөгө салымын кошоорун баса белгилеп, өзгөчө мааниге ээ болгон чоң иш-чараны уюштуран Фергана облусунун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Фестивалдын жүрүшүндө Фергана шаарынын борбордук стадионунда чон гала концерт өтүп, ага кыргызстандын, өзбекстандын, тажикстандын эстрада жылдыздары катышып, 20 миңден ашуун көрүүчү чогулду.

Баткен облусунан барган делегациянын курамында мамлекеттик кызматкерлер, маданият кызматкерлери, спортчулар, мугалимдер, кол өнөрчүлөр болду.

Пикир

Оставить комментарий