• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Караколдо артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарында артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалы өттү.

Фестивалга Каракол шаарынын жана жакынкы айылдардын мектептеринин жогорку класстарынын окуучулары катышты. Аларга ондон ашык колледж, лицейлер өздөрүнүн окуу программалары, социалдык-тиричилик шарттары жана кабыл алуу кампаниясы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, фестивалдын программасы сынактар, викториналар, студенттердин мода көргөзмөсү, концерттик программа менен коштолду.

Иш-чара Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында уюштурулду.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий