• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 1,5 млн адам "тынч өлтүргүч" деп аталган оорудан жабыркап келет

Ден соолук 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда 1,5 млн. адам гипертония же жогорку кан басым оорусу же “тынч өлтүргүч” деп аталган оорудан жабыркап келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Айгүл Жумагулова кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, алардын ичинен 170 миң адам каттоодо турат, калгандары инсульт, инфаркт менен ооруканага түшүп, көп учурда майып болуп калууда.

“Артериалык гипертониядан 1,5 млн. адам жабыркап, алардын ичинен 39%ы 18 жаштан улуу адамдар. Эмне себептен бул дартты “тынч өлтүргүч” деп аташат? Анткени бул оору кандайдыр бир ыңгайсыздык жаратпайт, анын эч кандай белгилерин байкоого болбойт. Ошондуктан көп адамдар кан басымынын жогорулап кеткендигин билбей жүрө беришет. Өлкөдө баардык оорулардын 50%ын жүрөк-кан тамыр системасындагы оорулар түзөт, инфаркт, инсульт, жүрөк жетишсиздиги жана башка. Эгер сиздин кан басымыңыз 140/90дон жогору болсо, анда ооруканага кайрылуу керек. Кан басымдын жогорулашынан тамырлар, бөйрөк, мээ жана башка органдар жабыр тартат”, - дейт Жумагулова.

Ошондой эле ал билдиргендей, өлкөдө калк арасында 18ден 50 жашка чейинки жаш курак арасында өлүмдөр көбөйдү. “Артериялык гипертония тукум кууйт жана зыян адаттардан (чылым чегүү, ичимдик ичүү ж.б), туура эмес тамактануу (холестеринди, трансмайларды тамактанууда көп колдонуу), кыймыл аракет аз жасоодон улам пайда болот. Эгер сиздин туугандарыңыз инсульт же инфаркт алган болсо, сиз дагы алдын ала кан басымыңызды текшерүүңүз керек”, - деп билдирди Жумагулова.

Ошондой эле Улуттук кардиология борборунун директору калкты сергек жашоого, көп сейилдөөгө, мөмө жемиштер менен көп тамактануу жана жаман адаттардан арылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий