Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 10-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл облусунда +16…+21, Нарын облусунда +20…+25 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанына температурасы +28…+30 градус болот.
Пикир
Оставить комментарий