• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 2019-жылдын аягына чейин 24 мектеп жана спорттук зал куруу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. 2019-жылы курула турган объектилердин тизмесине жараша үстүбүздөгү жылы 39 объектинин курулуш ишин аяктоо пландалган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев кабарлады.

Абдиевдин маалыматы боюнча, анын ичинен 24тү мектеп жана алардын спорт залдары. 2 бала бакча, 4 спорттук зал жана спорттук комплекстер, 4 саламаттык сактоо мекемеси, 1 маданият үйү, 1 турак жай жана 3 башка объект.

“Ошондой эле 33 объектте капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалган. Анын ичинен 15и мектеп, 5и саламаттык сактоо объектиси, 6 маданият объектиси жана 7 башка объектилер. Андан тышкары, 9у таза суу менен камсыздоо объектилери”, - дейт Абдиев.

Ал белгилегендей, кошумча 137,8 млн. сом каражат бөлүнсө жыл аягына чейин дагы 25 объектинин курулушун аяктоого болот. Анын ичинде: 17 мектеп жана алардын спорт залдары, 1 бала бакча, 2 спорт зал жана комплекс, 2 маданият объектиси, 2 саламаттык сактоо объектилери жана 1 башка объект.

Пикир

Оставить комментарий