• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда 8-мартта 75 мас айдоочу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 8-март - Аялдардын эл аралык күнүндө 75 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, майрамда 2 миң 419 жол эрежесин бузуу катталды.

Анын ичинен айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу боюнча 63 айдоочуга протокол толтурулуп, 998 айдоочу жогорку ылдамдыкта айдаганы аныкталган. Мындан тышкары, 242 унаа айып короосуна токтотулган.

Эскерте кетсек, өлкөдө 8-марттан тартып мас абалында унаа башкарууга айып пулдун суммасы көбөйтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий