• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда акыркы суткада 22 медкызматкери коронавирус жуктурган

COVID - 19 0

Бишкек, 15.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 22 медициналык кызматкер катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкекте - 8, Ош шаарында – 1, Баткен облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 1, Ош облусунда– 2, Чүй облусунда – 5, Талас облусунда – 1 кызматкер илдетке чалдыккан.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7220 учур катталды.

Алардын ичинен бир суткада стационардан – 1 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча – 6946 медициналык кызматкер айыкты.

Пикир

Оставить комментарий