• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 37 адамда COVID-19 табылды. Көбү Бишкек шаарында

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда 12-июнь саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 37 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 2 миң 166 адамга жетти.

Жаңы учурлар;

Бишкек шаарында - 19;

Чүй облусунда - 13;

Ош шаарында - 1;

Ош облусунда - 2;

Баткен облусунда - 2.

"12-июнда катталган жаңы 37 учурдун ичинен 3 учур чет өлкөдөн келгендерден табылган, 20 учур медициналык көзөмөлдө турган жарандардан аныкталды. Ал эми 14 учурдун болсо жугузуп алган шарттары белгисиз бойдон калууда", - дейт Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий