• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда эпидкырдаал курч, бирок көзөмөлдө – Бейшеналиев

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га байланыштуу эпидемиологиялык абал оор, бирок көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралу «Кабар» агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, оорунун көбөйүшү байкалууда, анын ичинде инфекцияны кайталап жугузуп алгандар дагы бар. Министрдин пикиринде жарандар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди – бет кап тагынуу, колду самындап жууп, антисептик колдонууну, эл көп топтолгон жерге барбоону так сакташы керек.

Эпидемиялык кырдаалга байланыштуу Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңештерине кайталап шайлоону жылдырууга токтолуп, бул маселени жергиликтүү бийлик чечээрин белгиледи.

«Мисалы , эгер Бишкек мэриясы шайлоону жылдыруу керек десе бул маселени алар өздөрү чечишет»,-деди ал.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 22-июнга карата Кыргызстан боюнча жалпы 931 адамдан коронавирус аныкталган, анын ичинен 435 учур Бишкекте табылган.

Өлкө боюнча 8 адам каза болсо, анын ичинен 5 учур Бишкекте катталган. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1945 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 721, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1224

Пикир

Оставить комментарий